Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Пакистандагы зилзаладан мерт болгондордун саны 22ге жетти


Жер титирөөдөн улам жарылып кеткен магистраль. Пакистан. 24-сентябрь, 2019-жыл.
Жер титирөөдөн улам жарылып кеткен магистраль. Пакистан. 24-сентябрь, 2019-жыл.

Мындан тышкары жүздөгөн адамдар жаракат алганын бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Пакистандын маалымат министри Муштаф Минас набыт болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар экенин билдирди. Алардын көпчүлүгү дубалдардын жана урандылардын түбүндө калышкан. Минастын маалыматына караганда, зилзаладан жапа чеккендерге чатыр, тамак-аш, дары-дармек жана башка керектүү буюмдар менен камсыздалган.

Аймактын комиссарынын орун басары Раджа Кайсердин айтымында, Мирпурга жакын жердеги ири магистралда жаракалар пайда болгон.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) маалымдагандай, күчү 5,8 баллдык силкинүүнүн очогу Кашмир аймагындагы Мирпур шаарына жакын жерде болгон.

Ал эми Исламабаддагы Сейсмикалык мониторинг боюнча улуттук борбору зилзаланын очогу Желумба аймагынан түндүктү көздөй беш чакырым алыс аймакта, жердин 10 чакырым тереңдигинде болду деп маалымдаган.

Зилзала болгон аймакка авиация жана медициналык колдоо жиберилгени айтылууда.

Күбөлөрдүн айтуусунда, силкинүү Пакистандын борбору Исламабадда да байкалып, адамдар коркуп көчөгө качып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG