Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:59

Аба ырайы: күн ачык болот


Алай өрөөнү.
Алай өрөөнү.

Шашылыш билдирүү:

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 29-30-сентябрларда аба ырайы туруксуз болот. 29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа каттамын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратат.

1-2-октябрларда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү мүмкүн.

26-сентябрда жаан-чачын болойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° болот.

XS
SM
MD
LG