Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:27

Дүйнө лидерлери Роухани менен Трампты сүйлөшүүгө чакырышууда


Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Британиянын, Франциянын, Германиянын жана Жапониянын мамлекет башчылары Бириккен Улуттар Уюмунунун Башкы Ассамблеясынын жыйынында АКШ менен Ирандын президенттерин сүйлөшүүгө чакырышты. Пакистандын премьер-министри Имран Хан Иран менен курч кырдаалды басаңдатыш үчүн ортодо элчи болууга үндөшкөнүн айтты.

Франциянын лидери Эммануэл Макрон 24-сентябрда эгер Ирандын президенти Хасан Роухани Трамп менен жолукпай туруп Америкадан чыгып кетсе, бул «мүмкүнчүлүктү колдон чыгаруу» болорун эскертти. Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон Макронду кубаттады.

Жапония менен Германиянын лидерлери да Трамп жана Роухани менен жолугушуп, аларды бир үстөлгө отуруп, сүйлөшүүгө үндөштү.

АКШ менен Ирандын мамилеси былтыр Трамп Тегерандын өзөктүк программасы тууралуу келишимден чыгып, Ирандын мунай жана финансы тармагына катаал санкцияларды кийиргенден кийин курчуган.

XS
SM
MD
LG