Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Кытайда дүйнөдөгү эң ири деп саналган «Дасин» аэропорту ачылды


Эң ири аэропорттордун бири - Стамбул аба майданы. 29-октябрь, 2018-жыл.
Эң ири аэропорттордун бири - Стамбул аба майданы. 29-октябрь, 2018-жыл.

Зымырык куш формасында курулган жаңы эл аралык аба майданынын төрт учуп-конуу тилкеси бар. 2025-жылга карата ал жылына 72 миллион жүргүнчүнү тейлеп калары болжолдонууда.

Кытай лидери Цзиньпиң катышкан салтанатта бул аэропорт өлкөнүн өнүгүшүнүн жаңы кубаттуу булагы болору айтылды.

Ирак архитектору Заха Хадид долбоорун түзгөн терминал баш калаа Бээжинден 46 чакырым аралыкта жайгашкан. Жаңы аэропорт бардык Кытай авиакаттамдарын жана 50дөй чет өлкөлүк компаниянын каттамдардын тейлей тургандыгы кабарланды. Беш жылда курулуп бүткөн аэропорттун курулушуна 63 миллиард доллардай каражат сарпталган.

XS
SM
MD
LG