Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:36

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйыны болбой калды


Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйыны. 23-сентябрь, 2019-жыл.
Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйыны. 23-сентябрь, 2019-жыл.

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын бүгүн, 25-сентябрга белгиленген жыйыны болбой калды. Комиссия 23-сентябрда кийинки отурумун Жогорку Кеңеште уюштурууну белгилеп, ага депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованы чакырган. Аларды жыйынга камсыз кылып берүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөтүүнү чечишкен.

Маалыматка караганда, Карамушкина жыйынга катышуудан баш тарткан, ал эми Кодуранова бүгүн Жогорку Кеңешке барган эмес. Аты аталган депутаттар комиссиянын жыйынына буга чейин да чакырылган. Бирок алар комиссия менен иштешүүдөн баш тартышкан. Кодуранова муну «Азаттыкка» ырастап, кийинки жыйынга деле ушундай жооп бере турганын билдирген. Ал өз чечимин комиссиянын курамында кызыкчылыктар кагылышы бар адамдардын болгону, ошондуктан андагы окуяларды айтып берүүдөн майнап чыкпай турганы менен түшүндүргөн.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер, эксперттер кирген. Комиссия ишин 15-октябрда жыйынтыктайт.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG