Шаршемби күнү таңда полиция кызматкерлери бараткан автобустун жолуна коюлган колго жасалган бомба жардырылган. Бул тууралуу провинция губернатору Махмут Демирташ билдирди. Окуя үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким мойнуна ала элек.
2015-2016-жыларды Түркиядагы чабуулдардан жүздөгөн жай тургундардын өмүрү кыйылган. Бийлик алардын артында турат деп «Ислам мамлекети» экстремисттик тобун, өлкөдө тыюу салынган Күрттөрдүн жумушчу партиясын айыптап келген.