Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

«Эйр Манастын» бүгүнкү каттамдары толук токтотулду


«Эйр Манастын» учагы.
«Эйр Манастын» учагы.

«Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча 25-сентябрдагы беш каттамы токтотулду.

Бул тууралуу авиакомпаниянын Ош шаарындагы өкүлү Урмат Абдуразаков билдирди. Анын маалыматына караганда, эртең менен бир каттам жргүзүлүп, калганы токтотулган.

-Учагыбыз Ошко келип конуп, бирок техникалык себептерден улам кайра уча албай калды. Бузулуп калды. Азыр техниктерибиз оңдоп жатышат. Ошондуктан бүгүнкү каттамдар толугу менен токтотулду, - деди ал.

2018-жылдын аягындагы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын тең жарымы жараксыз. «Авиатраффик», «Эйр Манас», «Тез Жет» авиакомпаниялары гана жүргүнчү ташуу укугуна ээ. «Эйр Манас» авиакомпаниясынын бир эле учагы бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG