Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Тажикстандык спортчу кызытмага байланыштуу шек саналууда


Дилшод Назаров.
Дилшод Назаров.

Белгилүү тажик спортчусу, 2016-жылкы Олимпиаданын салмоор таш ыргытуу боюнча чемпиону Дилшод Назаров допингге каршы эрежелерди бузган деген айып менен мелдештерден убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Жеңил атлетикадагы мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы күрөш органы (WADA) сайтында жарыялады.

Тажик бийлиги бул маалыматтан кабардар экенин, бирок азырынча расмий билдирүү ала элек экендигин маалымдады.

Тажикстандын Жаштар, спорт жана туризм комитетинин төрагасы Ахтам Абдулзода буга байланыштуу пикирин расмий маалымат келгенден кийин айтарын "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди.

- Дилшод - белгилүү спортчу. Расмий маалыматтарды күтөлү, -деди ал.

Спортчу бул тууралуу өзүнүн ой-пикирин айта элек. Ал ушул тапта спорттун салмоор таш ыргытуу түрү боюнча 27-сентябрдан 6-октябрга чейин өтө турган мелдешке катышуу үчүн Катарда жүрөт.

WADA 24-сентябрь күнү Назаровду кызытма эрежесин бузган спортчулардын тизмесине киргизди. Аталган уюмдун маалыматы боюнча, 2011-жылы Түштүк Кореяда өткөн чемпионаттагы допинг-көзөмөл кайталап жүргүзүлгөн учурда Назаровдун канынан тыюу салынган зат табылган.

Тажикстандын Антидопинг боюнча улуттук уюмунун башчысы Мухаммадшо Абдуллоев Дилшод Назаров 2016-жылкы Олимпиададан допинг көзөмөлдөн ийгиликтүү чыкканын билдирди.

- 2016-жылдын 19-августунда, Олимпиада оюндарынан кийин эле ага допинг-көзөмөл жасалган. WADA уюмунун эрежелери боюнча эгер спортчунун канынан шектүү зат табылса, бул тууралуу он күндүн ичинде ачык айтылат жана спортчу жазага тартылат. Дилшод Назаровго эч кандай айып коюлган эмес, - деди Абдуллоев.

XS
SM
MD
LG