Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштайт


Нэнси Пелоси.
Нэнси Пелоси.

Өкүлдөр Палатасы АКШнын президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштай турганын билдирди. Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараяны башталганын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда жарыялады:

- Бул жумада президент өзүнө саясий упай алып келе турган иш-аракетти жасоону өтүнгөнүн мойнуна алды. Президент Трамптын кадамы - өзүнүн антына чыккынчылык, улуттук коопсуздукка чыккынчылык жана биздин шайлообузга чыккынчылык кылганын айгинелеп турган уят көрүнүш. Ошондуктан мен бүгүн Өкүлдөр палатасы импичмент иликтөөсүн баштаганын жарыялайм. Мен биздин алты комитетке мунун алкагында өздөрүнүн иликтөөсүн жүргүзүүгө буйрук берем. Президент жоопко тартылышы керек. Эч ким мыйзамдан жогору турбайт.

Пелосинин билдирүүсүнөн кийин Трамп "Твиттерге" пикир жазып, анын айтканын "куугунтук" катары баалады.

Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. Трамп Зеленскийди мурдагы Барак Обаманын тушунда вице-президент болгон Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөгө чакырганын 24-сентябрда моюнга алды. Бирок ал муну басым жасоо деп эсептебейт.

Мурдагы америкалык вице-президенттин уулу Хантер Байден 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо Демократтар партиясынан Трампка атаандаш болушу мүмкүн деп эсептелгендердин бири.

Трампка карата расмий иликтөө баштала турган болсо, бул АКШнын тарыхындагы импичментке кабылган үчүнчү президент болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG