Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:17

Бишкекте 57 айыл өкмөттүн башын бириктирген Аймактар форуму өтөт


Айыл өкмөттөрдүн Бишкекте тажрыйба алмашкан жыйынынан бир көрүнүш. Архивдик сүрөт. Автору Бектур Стамкулов.
Айыл өкмөттөрдүн Бишкекте тажрыйба алмашкан жыйынынан бир көрүнүш. Архивдик сүрөт. Автору Бектур Стамкулов.

Эртең, 26-сентябрда, Кыргызстандын ар тарабынан топтолгон 57 айыл өкмөттүн өкүлдөрү Бишкекке чогулуп, өздөрүнүн аймагында ишке ашырган өнүгүүнүн эң мыкты тажрыйбаларынын бет ачарын өткөрөт.

Бул сыяктуу жолугушуу биринде жок практиканы экинчи бир айыл өкмөткө жайылтууга шарт түзгөн эң мыкты тажрыйба алмашуу болуп берет. Бул тууралуу USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун коммуникация боюнча менежери Жылдыз Ниязалиева маалымдады.

Форумдун катышуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин күчөтүү, таштандыларды чогултуу, таза суу менен камсыз кылуу жана жерди натыйжалуу пайдалануу сыяктуу жергиликтүү кызматтарды жакшыртуунун мыкты мисалдары менен тааныша алышат. Мисалы, Нарын областынын Кум-Дөбө айылы элет жери болгонуна карабай сугат кызматын көрсөтүш үчүн төлөмдөрдү эсептөө максатында, ошондой эле жер участкаларынын чек араларын так аныкташ үчүн дрон жана топографиялык тартуунун алдыңкы ыкмаларын колдонушкан.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшөт. Мындай тажрыйбалар кийин республиканын бардык аймактарында колдонулушу мүмкүн.

USAIDдин колдоосу менен уюштурулган Аймактар форумунун негизги максаты - тажрыйбалар жана идеялар менен алмашуу аркылуу муниципалитеттердин ишин ар тараптан өркүндөтүү болуп жатат.

Долбоор жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү максаттарында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл областтарынын 50дөн ашык муниципалитети менен кызматташат.

XS
SM
MD
LG