Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Кыргызстанда 10 млн. гектар жайыт бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев өлкө боюнча жалпы 10 млн. гектар жер бар экенин билдирди.

Керималиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып малдын саны көбөйүп кеткендиктен жайыт пайдалануу маселеси курч экенин белгиледи. Ал малдын санын эмес, сапатын жогорулатуу зарылдыгын айтууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2016-жылы Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкы 467 миң, чочко – 51 миң, үй канаттуулары – 5,6 миллион. Кыргызстандын ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын. (TSh)

XS
SM
MD
LG