Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Якутиялык бакшынын тарапкерлери анын жолун улоону токтотушту


Габышевдин портрети.
Габышевдин портрети.

Алар буга Федералдык коопсуздук кызматынын коркутуусунан улам аргасыз барганын айтышууда. Тарапкерлердин бири Виктор Егоровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 24-сентябрь күнү Москвага 5000 чакырым аралыкта бакшынын тарапкерлери орноткон лагерге күч кызматкерлери келип, активисттерди кармап кетишкен.

«Путинди бийликтен кетирүү» максаты менен Якутиядан жөө-жалаңдап Москвага чыккан бакшы Александр Габышев 19-сентябрда күч кызматкерлери тарабынан Бурятияда кармалган. Ага карата «Экстремизмге чакыруу» боюнча кылмыш иши козголгон. Габышевдин тарапкерлери бакшынын ишин аягына чыгарыш үчүн анын жолун улашарын жарыялашкан болчу.

25-сентябрда Якутиянын тургундары Габышевге карата кылмыш куугунтугун токтотууну талап кылган петиция жарыялашты. Алар Габышевди «Экстремизм» беренеси менен айыптоо Конституцияга каршы келерин билдиришүүдө. Миңден ашуун киши кол койгон петицияда Габышев «өзүнүн диний көз карашына ылайык гана оюн билдирген» деп айтылат. Петиция ээлери Габышев кармалгандан кийинки анын жарыяланган тасмасын күч кызматтарынын кысымы алдында жазылган деп эсептешерин билдиришкен.

Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бакшынын кармалышы менен Кремлдин эч кандай байланышы жок экенин журналисттерге билдирген.

XS
SM
MD
LG