Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Ооганстанда жарылуудан жарадар болгон журналист көз жумду


Ооганстандын Парван провинциясындагы жардыруу. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Ооганстандын Парван провинциясындагы жардыруу. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Ал Кандагарда президент Ашраф Ганинин эл менен жолугушуусу учурундагы жанкечтинин жардыруусунан жарадар болгон. «Hewad TV» 25-сентябрда Абдул Хамид Хотаки ооруканада жан бергенин маалымдады.

«Абдул Хамид Хотаки быйыл Ооганстанда өлтүрүлгөн жетинчи журналист болуп калды», деп жазды Ооган журналисттеринин борбору.

Кандагардагы жардыруу үчүн Ички иштер министрлиги талибдерди күнөөлөп жатат. Бирок азырынча эч ким ага жоопкерчилик ала элек. Жардыруулар Ооганстанда 28-сентябрга белгиленген президенттик шайлоонун алдында күч алды.

28-сентябрда боло турган шайлоого 18 талапкер ат салышып жатат.
Быйыл август айында Ооганстандын ачык шайлоо фонду жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, добуш берүүгө укуктуу адамдардын 43% гана шайлоого баруу ниетин билдиришкен.

«Талибан» кыймылы өлкөдөгү 400 райондун дээрлик жарымын көзөмөлдөйт. Бийлик бул аймактардагы эки миңдей шайлоо бекети ачылбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG