Орусиянын президенти Владимир Путин Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро менен Москвада жолугушту.
Мадуро Москвага 24-сентябрда келген. Путин жолугушуу учурунда Орусия Венесуэлага 4 млрд. доллар инвестиция кылганын айтты.
«Интерфакс» агенттиги орусиялык аскер адистери Венесуэланын борбору Каракаска келишкенин жазды. Ага ылайык, адистер Венесуэлага берилген аскердик техниканы иштетүү жана оңдоо үчүн келишкен. Аталган агенттик Орусия Венесуэлага 600 миң тоннага чейин буудай берүүнү көздөп жатканын жазды.
АКШнын президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Мадурону сындаган.
Сентябрь айынын башында Венесуэланын оппозициясы Норвегиянын ортомчулугу менен өткөрүлүп жаткан сүйлөшүү алты жумага жетпей токтотулганын, буга Мадуронун өкмөтү андан чыгып кеткени себеп болгонун маалымдаган.
Мадуронун өкүлдөрү бул сүйлөшүүдөн АКШнын президенти Трамптын санкцияларды күчөткөн чарасына каршылык иретинде баш тартышкан.
Ал арада Брюсселдеги ишенимдүү булактар Евробиримдик 25-сентябрда венесуэлалык дагы жети аткаминерге карата санкцияны колдоого алганын билдирди. Мындан кийин Венесуэланын Евробиримдик өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салынган жана банктардагы эсептери жабылган аткаминерлеринин саны 25ке жетти.