Украин президенти Владимир Зеленский БУУнун Башкы Ассамблеясынын экинчи күнүндө сүйлөгөн сөзүндө Орусия Европанын борборунда согушка шыкак берип жаткан шартта өздөрүн коопсуз сезе албасын дүйнөлүк лидерлерге эскертти. Украин лидери глобалдашкан дүйнөдө «башка бирөөнүн согушу» деген мамиле жарабай турганын айтты.
- Ар бир адам өзүнүн гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн тагдыры үчүн да жооптуу, - деди Зеленский.
Ал 24-сентябрдагы биринчи кайрылуусунда Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү негизги максаты экенин билдирген. Зеленский Кремлди Украинанын «өнүгүп кетишине жолтоо болуп жаткан негизги фактор» деп билдирип, бул тоскоолдукту жоюш үчүн эл аралык колдоо зарыл экенин айткан.
БУУнун саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Зеленский «эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө жардам бере алат» деди:
- Бир да мамлекет коопсуздугун сезбей туруп, туруктуу өнүгө албайт. Атышуунун жана жардыруулардын алдында өнүгүү мүмкүн эмес. Башка мамлекеттердин аймагына басып кирүүнү жактаган геосаясий стратегиялар күчүндө турганда бул такыр мүмкүн эмес.
Украин президенти Владимир Зеленский АКШ лидери Дональд Трамп менен 25-сентябрда жолугары айтылды.