«Талибан» кыймылы Ооганстанда көзөмөлдөп турган аймактарында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ишмердүүлүгүнө кайрадан уруксат берди.
Бул кадамды талдоочулар АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктагандан бери талибдер эл аралык коомчулуктун алдында өзүн жакшы көрсөтүүгө аракет кылууда деп баалап жатышат.
Быйыл апрель айында экстремисттер өзүлөрү көзөмөлдөп турган аймактарда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Кызыл чырым эл аралык кайрымдуулук комитетинин ишмердүүлүгүнө тыюу салып, алардын шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүн шектүү деп баалаган.
Ооганстан - шал илдетинин жайылуу коркунучу кооптуу абалда деп эсептелген үч өлкөнүн бири. (RK)