Бүгүн, 26-сентябрда Бишкекте «Көк арт» деген аталышта мультимедиа көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болот.
Кыргызстандын Швейцария менен кызматташтыгынын 25 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмөдө бул өлкөнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан өнүгүү программасынын жыйынтыгы тууралуу аудио жана визуалдык материалдар тартууланат.
Кыргызстандын жаратылышы, адамдары, алардын ийгиликтери жөнүндө баяндаган материалдарды СИ атайын чыгармачыл тобу жер-жерлерди үч ай бою кыдырып жүрүп чогулткан. Көргөзмөнүн каармандары өзүнүн күнүмдүк жашоо-турмушу, иши тууралуу айтып беришет, көргөн-билгени жана тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Кыргызстан менен Швейцария өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге 1994-жылдын 14-ноябрында кол коюлган. 1996-жылы бул өлкөнүн Бишкекте ачылган бюросунун негизинде 2012-жылы элчилик иштей баштаган.
Каржылык колдоо билим берүү, саламаттык сактоо, мамлекеттик секторду реформалоо жана жеке секторду өнүктүрүү багыттарын камтыйт. (RK)