Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:51

Депутат балдар укугу боюнча Акыйкатчынын ишин сындады


Иллюстрациялык сүрөт.

26-сентябрдагы парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина балдарга карата зомбулук күчөп жатканын белгилеп, алардын укугун коргоодо Акыйкатчы аппараты чабал иштеп жатканын айтты:

- «Акыйкатчынын аппаратында атайын бир орунду түзүп, бир орун басары балдардын укугу боюнча иштесин» дегенбиз. Азыр аны көрүп жатабызбы? Ал күн сайын бардык жактан балдардын укугун айтып жүрүшү керек. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда сегиз айдын ичинде балдарга карата 1012 зомбулук фактысы катталыптыр.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинкилердин саны 2 млн. 263 миңдин тегерегинде. Алардын 47% жети жашка чыга элек балдар. Укук коргоочулар көпчүлүк учурда ата-энеси миграцияда жүргөн наристелер зордук-зомбулукка кабылып жатканын айтып келишет. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG