Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Тыныбековага Азия оюндарынын чемпиондугун кайтаруу аракети уланууда


Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмактын байге ээлери. Солдон оңго: Айсулуу Тыныбекова, Орхон Пуревдорж (Монголия), Рисако Каваи (Жапония) жана Рим Жоң Сим (Түндүк Корея). 20-август, 2018-жыл. Индонезия.
Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмактын байге ээлери. Солдон оңго: Айсулуу Тыныбекова, Орхон Пуревдорж (Монголия), Рисако Каваи (Жапония) жана Рим Жоң Сим (Түндүк Корея). 20-август, 2018-жыл. Индонезия.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага 2018-жылы өткөн Азия оюндарынын чемпиондугун кайтаруу аракети уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" балбан кыздын машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Анын айтымында, Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмакта биринчи орун алган монголиялык балбан Орхон Пуревдорж былтыр «кызытма колдонгон» деген негизде алтын медалынан ажыраган.

Эрежеге ылайык, алтын медаль бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек болчу. Учурда Тыныбекованын машыктыруучусу аталган медалды кайтаруу боюнча тиешелүү органдарга кайрылганын айтты.

Азия оюндары 2018-жылы 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн. Анда Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен күч сынашып, 0:11 эсебинде утулуп калган.

Айсулуу Тыныбекова жакында эле Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG