Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:17

Орусиядагы акча которуу боюнча чектөө маселеси кыргыз парламентинде көтөрүлдү (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин депутаты Сагындык Келдибаев Орусиядан тышка акча которуу боюнча чектөө мигранттарга терс таасир тийгизип жатканын айтып чыкты.

Ал бул тууралуу өкмөткө кайрылып, бирок эч кандай жооп болбой жатканын сындады:

- Биримдикке мүчө болгондон кийин эч кандай чектөө болбошу керек. Биримдиктеги башка өлкөлөргө чектөө жок. «Орусия ушундай кылды» деп отура бербестен чара көрүш керек. Өкмөт «30-40 миң рубль айлык алган мигранттарга таасири тийбейт» деп жатат. Беш айдын ичинде 200 млн. доллар аз келди. Мына, таасири тийип жатат.

«Western Union» системасы Орусиядан тышка акча которууга чектөө киргизген. 22-июлдан тарта «Western Union» аркылуу Орусиядан башка өлкөгө бир адам айына 600 миң рубль гана жөнөтө алат.

Жаңы эреже акчанын изин жашыруу, терроризмди каржылоо менен күрөш боюнча мыйзамдын алкагында кабыл алынган. «Western Union» мындай чектөөнү Орусиянын Улуттук банкынын тапшырмасы менен киргизген.

Улуттук банк бул чектөө көмүскө операцияларга бөгөт коюу, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөшүү үчүн кабыл алынып жатканын белгиледи.

Буга чейин апрелде Орусиядан Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга, Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө коюлган. Адистер анда бул кыргызстандык ишкерлер менен соодагерлерге жолтоо кыла турганын эскертишкен.

2018-жылы Орусиядан Өзбекстанга которулган каражаттын көлөмү 14 млрд. долларды түзгөн. Ушул эле жылы Кыргызстанга Орусиядан 1,3 млрд. доллар, Кытайга 675 млн. доллар, Казакстанга 392 млн. доллар жана Вьетнамга 175 млн. доллар которулган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG