Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

ИИМ Оштогу атыштын чоо-жайын териштирди


Ош шаары.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө караганда Оштогу ок атышкан окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Жазык кодексинин «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча иш козголуп, күбөлөр суралып жатканы кабарланды.

22-сентябрь күнү кечке маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран октон жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн.

Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиевдин «Азаттыкка» ырастаганы боюнча, анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткен.

Окуя байланыштуу Ош мэриясынын спорт башкармалыгынын башчысы Кылыч Саркарбаевдин да аты аталган. Анын талапкерлери бул маалыматты четке кагууда.

Төлөгөн Рахманберди уулу 25-сентябрда Оштогу жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп, өзүн өзү атып алганын айтып берген.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG