Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

«Ысык-Көл» мейманканасынын имаратына өкмөттүн аппаратын көчүрүү сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев Бишкектин четинде жайгашкан «Ысык-Көл» мейманканасы бош турганын жана үч гектар жери бар экенин белгилеп, анын имаратына өкмөттүн аппаратын жайгаштырууну сунуш кылды. Ал бул кадам шаар жолдорундагы автотыгынды кыйла азайтмак деген ойдо.

- Бишкек шаарындагы Башкы прокуратурасынын өрттөнүп кеткен имараты менен иштебей калган «Ысык-Көл» мейманканасы 10 жылдан бери каралбай турат. Алардын азыркы абалы кандай? Имараттар калдайып катып турат. Эмне, ордо калаанын кожоюну жокпу?, – деди депутат.

Бишкектин түштүк аймагында жайгашкан «Ысык-Көл» мейманканасынын аянты 120 чарчы метрди түзөт. Буга чейин бийлик аны оңдоого белсенип жатканы кабарланган. Анда имаратты оңдоп-түзөөгө 60 млн. доллардан ашык каражат сарпталары айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG