Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

RSF орус бийлигин журналист Светлана Прокопьеванын ишин жабууга чакырды


Светлана Прокопьева.
Светлана Прокопьева.

«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) уюму орус бийлигин журналист Светлана Прокопьеванын былтыр радиого берген комментарийи боюнча козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырды.

Журналист «Террорчулукту актоо» беренеси боюнча айыпталууда жана күнөөсү далилденсе жети жылга чейин соттолушу мүмкүн. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун 25-сентябрда тараткан маалыматына караганда, Светлана Прокопьеванын паспорту, банк карточкасы алынып, «террорчулардын тизмесине» киргизилген. «Прокопьева журналист катары өз жумушун гана аткарган. Аны тергөөчүлөр ушундай жол менен куугунтуктап жатышы өтө коркунучтуу» деди «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Иоганн Бих.

Орусиялык жана эл аралык укук коргоо уюмдары Прокопьевага кылмыш ишин козгоо сөз эркиндигин чектөөгө барабар экендигин айтып, камтамачылыгын билдирген. Журналист «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы менен да кызматташкан. Радионун президенти Жейми Флай «Твиттерге» «Прокопьева өз пикирин айтканы үчүн гана куугунтукталып жатат» деп жазды.

2018-жылдын ноябрь айында эркин журналист катары белгилүү Светлана Прокопьева «Эхо Москвы» радиосуна андан бир апта мурда Архангелск шаарында болгон жардыруу тууралуу өз пикирин билдирген.

Федералдык коопсуздук кызматынын аймактык бөлүмүнө коюлган бул чабулду 17 жаштагы жан кечти жасаганы аныкталып, андан үч коопсуздук кызматкери жаракат алган.

Прокопьева «Эхо Москвы» радиосуна берген маегинде өспүрүмдүн аракетин Владимир Путиндин тушундагы саясий климат менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG