Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:54

Трамп Ирандын жогорку кызмат адамдары АКШга келишине чектөө киргизди


Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеранга басымды күчөтүп, Мамлекеттик департаментке Ирандын жогорку кызмат адамдары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн АКШга келишине чек коюуга уруксат берди.

Ак үйдүн 25-сентябрда тараткан маалыматына караганда, Трамп Иран өкмөтүнүн аракеттери Жакынкы Чыгышта, анын айланасына жана дүйнөгө коркунуч келтирип жатканын белгилеген.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси Ирандын өзөктүк программасын чектеген, дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимден былтыр АКШ чыгып кеткенден бери курчуп келе жатат.

Ирандын президенти Хасан Роухани 25-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Иран «санкциялардын басымы турганда өзөктүк программа тууралуу сүйлөшүүлөргө барбайт» деп билдирди. Ал ошондой эле АКШны «ырайымсыз экономикалык терроризм» үчүн да айыптады.

Нью-Йоркко БУУнун жыйынына Ирандын 80дей дипломаты жана бийлик өкүлү да келди. АКШ президенти Дональд Трамптын жаңы санкциясы аларды өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлабайт.

БУУнун эрежелерине ылайык, Кошмо Штаттар БУУнун баш кеңсесине келген чет элдик жогорку даражалуу конокторго виза берүүгө милдеттүү, бирок алардын Нью-Йорктогу баскан-турган аймагын чектеп коё алат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG