Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:09

Рыспаев орусиялык алып баруучу Малаховго чара көрүү маселесин көтөрдү (видео)


Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Орусиянын «Россия 1» каналындагы «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов кыргызстандыктарды басынтты деп эсептейт. Ал бул маселеге Тышкы иштер министрлиги кийлигишип, чара көрүшү керек экенин айтып, өкмөткө тапшырма берди:

- Протоколдук тапшырма берип коёюн деп атам. Ал жерде Малахов айтып жатат, «10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе бардык буюртманы аткарат» деп. Тышкы иштер министрлиги, элчилик реакция кылышы керек. Кыргыздарды басынтканга жол бербеш керек.

Андрей Малахов алып барган «Россия 1» телеканалынын 24-сентябрдагы «Прямой эфир» телеберүүсүндө, Москвада такси айдап иштеп жүрүп жол кырсыгына кириптер болгон жигиттин аракеттерине баа берип, аны кылмыш кылды деп айыптаган пикирлер айтылган. Эскерте кетсек, ал жигит орусиялык олигархтардын биринин баласы мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатканда автоунаасы менен алдынан чыга калып, жол кырсыгына себепкер болгон. Кагылышуудан улам орус жараны катуу жаракат алып, мерт болгон.

Буга байланыштуу кыргызстандык Интернет колдонуучулар нааразы болуп, «Малахов кечирим сурасын» деген акцияны башташкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG