Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Саудиянын ханзадаасы журналист Хашогжинин өлүмү үчүн жооперчилик сезет


Мухаммед ибн Салман.
Мухаммед ибн Салман.

Сауд Арабиясынын ханзадаасы, тактынын мураскери Мухаммед ибн Салман журналист Жамал Хашогжинин өлүмү үчүн жоопкерчилик сезерин айтты. Бул тууралуу ал америкалык PBS телеканалынын журналисти Мартин Смит менен болгон маегинде айтканын кабарчы өзү билдирди. Маек обого 1-октябрда чыгат.

Ошону менен бирге ханзаада Хашогжини өлтүрүү операциясы тууралуу кабарсыз болгонун билдирген.

Саудиялык журналист Хашогжи былтыр октябрь айында Сауд Арабиясынын Стамбулдагы элчилигинде өлтүрүлгөн. Анын сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Түркия журналистти жок кылууга Эр-Рияддагы бийликтин жогорку эшелону буйрук бергенин билдирсе, падышалык аны четке каккан.

XS
SM
MD
LG