Кой-Таш айылынын тургундары комиссиянын курамынан анын айрым мүчөлөрүн чыгарууну сунуш кылышты. Бул тууралуу комиссиянын жыйыны Чүй облустук администрациясынын имаратында өтүп жаткан учурда айыл тургундары билдиришти. Алардын жүйөсүндө комиссиянын курамындагы Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов, коомдук ишмерлер Алишер Мамасалиев жана Артур Медетбеков Атамбаев менен мамилеси жаман болгондуктан алардын объективдүү иш алып барышарына ишеним жок.
Ошондой эле айрым тургундар 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда бейкүнөө жарандар сабалганын айтып чыгышты. Буга байланыштуу алар УКМКнын тиешелүү жетекчилерин жоопко тартууну талап кылышты.
Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер, эксперттер кирген. Комиссия буга чейин мурдагы президентти кармоо учурунда окуяга күбө болгондорду сурашкан.
Бүгүн Кой-Таш окуясындагы жагдайды иликтеген комиссия Чүй облустук акимиятынын имаратында көчмө жыйын өткөрүп, Кой-Таш айылынын тургундары менен жолугушкан. (BkA)