Орусиянын Оренбург облусуна караштуу Урал шаарында 70 баланы асырап алган поп Николай Стремский «асырап алган балдарына жыныстык жактан зордук-зомбулук көрсөткөн» деп айыпталып, 25-сентябрда камакка алынды. Ал «бузук иштерге барган, ата-энелик милдетин аткарган эмес» деп да күнөөлөнүүдө. Сот ошондой эле Николай Стремскийдин кызы менен күйөө баласын да «жашы жете элек балдардын баскан-турганын мыйзамсыз чектеген» деп кармады.
Баштапкы маалыматтарга караганда, кечилдин багуусундагы жети бала жыныстык зомбулукка кабылган. Николай Стремскийдин адвокаты болсо кардары өзү дооматтарды четке кагып, коюлган күнөөлөр ойдон чыгарылганын айтканын билдирди.
70 баланы асырап алган Стремский - жалпы Орусияга белгилүү адам. 2006-жылы ага орус өкмөтү менен Кызыл чырым уюмунун «Алтын жүрөк» сыйлыгы берилген.