Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Атамбаевдин жан сакчысынын бөгөт чарасы каралат


Канат Сагымбаев.
Канат Сагымбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин бөгөт чарасы 26-сентябрда саат 23:00гө чейин каралышы керек. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев маалымдады. Адвокаттын айтымында, бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат.

Учурда Жоошев Канат Сагымбаевди шектүү деп тааныган расмий маалымдаманы алыш үчүн Аскер прокуратурасына баратканын кабарлады. Сагымбаев эки күн мурун камакка алынган. Бирок бул тууралуу расмий органдар кенен маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Канат Сагымбаев Атамбаевдин жеке жан сакчысы катары иштеп жаткан. 20-сентябрда атайын кызмат анын жумуштан алынганын тастыктаган.

УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчилигинин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөсүн аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген. Офицердин тарапкерлери бул айыптоолор негизсиз жана мыйзамга каршы келерин айтып жатышат.

Буга чейин Атамбаевдин тушунда 9-башкармалыкты жетектеп турган Дамир Мусакеев да кармалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG