Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Конгресс Трамп-Зеленский сүйлөшүүсү боюнча чалгын кызматкеринин маалыматын жарыялады


Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп.

Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитети АКШнын чалгын кызматкеринин президент Дональд Трампка каршы арызын ачыкка чыгарды. Бул документ мамлекет башчыга импичмент жарыялоого себеп болуп калышы ыктымал.

«Кызматтык милдетимди аткарып жатып, мен бир канча расмий кызмат адамынан Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн администрациясынын кызматкерлеринен 2020-жылдагы президенттик шайлоого чет өлкөнүн кийлигишүүсүн талап кылганы тууралуу маалымат алдым», деп айтылат документте.

«Башка иштер менен катар эле бул кийлигишүү АКШ президентинин башкы саясий атаандашына каршы иликтөө баштоо максатында чет өлкөлүк мамлекетке басымды камтыйт» деп белгилеген автор. Ал бул болжолдуу кийлигишүүдө Нью-Йорктун мурдагы мэри, Трамптын адвокаты Рудольф Жулианини негизги адам болгон, ал эми ага АКШнын башкы прокурор Уильям Барр да аралашкан болушу ыктымал деп эсептейт.

Чалгын кызматкери ал баяндаган аракеттерге жеке өзү күбө болбогонун, бирок кеминде алты кишиден маалымат алганын кошумчалаган.

Автор администрация эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылганын деп белгилеген.

Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. 25-сентябрда Ак үй ал сүйлөшүүнүн стенограммасын жарыялады. Украинадагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган Трамп Зеленскийден мурдагы президент Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү суранган.

Мазмуну суроо жараткан, Трамп украин президентине басым көрсөткөнү айтылган бул сүйлөшүүдөн кийин чалгын кызмттары ички иликтөөсүн баштаган.

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо Демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып келет.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда Дональд Трампка украин президенти менен сүйлөшүүсүнүн мазмунуна байланыштуу импичмент жарыялоо жараяны баштала турганын билдирген. Ал Трамптын украин президенти Владимир Зеленскийден мурдагы америкалык вице-президент Жо Байдендин үй-бүлөсүнө иликтөө жүргүзүүнү суранганын улуттук коопсуздукка жана таза шайлоого карата кылган чыккынчылык катары баалаган.

Трамп дооматтардын баарын четке кагып, импичмент жарыялоону «күлкү келерлик иш» деп баалады. «Импичментке негиз барбы? Албетте, жок!» деди чалгын кызматкеринин маалыматы ачыкка чыккандан кийин ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө.

АКШнын улуттук чалгынынын жетекчисинин милдетин аткаруу Жозеф Магуайр бул маалыматтын мазмунуна байланыштуу 26-сентябрда Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде суроолорго жооп бере баштады. Ал Конгресске чалгын кызматкеринин маалыматы абдан маанилүү экенин, ошондуктан ал акырына чейин иликтениши зарыл экенин белгиледи.

Жозеф Магуайр конгрессмендерди "маалымат берген адамдын укуктары толук сактала турганына" ишендирди.

Ушул эле иш АКШнын улуттук чалгынынын жетекчисинин милдетин аткаруу Жозеф Магуайрдын катышуусунда Сенаттын Чалгын комитетинде да талкууланат. Сенаттын жыйыны жабык өтөт.

XS
SM
MD
LG