Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:19

АКШ Кашмир боюнча сүйлөшүүгө ортомчу болууга даярдыгын билдирди


Индия көзөмөлдөгөн аймактагы кашмирликтерди колдогон пакистандыктар.

Кошмо Штаттар Индиянын бийлиги Кашмирде көзөмөлдөгөн аймактагы чектөөлөрүн токтотушун каалайт. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк Азия боюнча башкармалыгынын өкүлү Элис Уэллс билдирди.

- Мурда киргизилген чектөөлөр алынып, камакка алынгандар бошотулушун көргүбүз келет, - деди Уэллс.

Ал ошондой эле өлкө президенти Дональд Трамп тараптар өтүнсө тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болууга даяр экенин белгиледи, бирок Индиянын премьер-министри Нарендра Моди көп жылдан берки тирешке тыштан кимдир-бирөөнүн кийлигишүүсүн каалабай жатканын кошумчалады.

Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч согуштун экөө ушул Кашмирдин айынан башталган.

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө жашагандардын көбү эгемен мамлекет болууну же Пакистанга кошулууну самашат.

Трамп буга чейин да эки тараптын жетекчилиги менен жолугушуп, сүйлөшүүлөргө ортомчу болууга даяр экенин айткан. Пакистандын жетекчилиги бул сунушту кубаттай турганын билдирген. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG