Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Роухани: Вашингтон басымын токтотушу керек


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани Кошмо Штаттар менен сүйлөшүү мүмкүн экенин жокко чыгарбайт, бирок Вашингтон басымын токтотушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Нью-Йоркто өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Роухани АКШнын жетекчилиги диалог жолуна түшүшү зарыл экенин белгиледи:

- Америка «Адегенде санкциялар ишке ашып, Иран элине болгон басым күчөтүлүшү керек, ошондон кийин гана сүйлөшүүгө барабыз» деп жатат. Ал туура эмес. Санкциялар токтотулушу керек. Диалогду, логикага жана акылга негизделген саясатты баштагыла.

Андан мурдараак АКШнын президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып бардык өлкөлөрдү Тегерандын саясатына каршы иштөөгө чакырган. Ал Ирандын жетекчилигин биринчи орунга ирандыктардын кызыкчылыгын коюуга үндөп, эгер бул өлкөнүн саясаты өзгөрбөсө санкциялар азыркыдан да катаал болорун эскертип, «Ирандын репрессиялык режими коркунуч жаратууда» деп айткан.

Жакынкы Чыгышта абал 14-сентябрда күчөгөн. Сауд Арабиясындагы мунай заводдоруна ракеталар менен урулган сокку үчүн АКШ жана Европа мамлекеттери Иранды айыптап жатышат. Расмий Тегеран бул чабуулдарга эч тиешеси жок экенин билдирүүдө.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынган. Кийин АКШ бул келишимден чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG