Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Атамбаевдин камалган жан сакчысынын жубайы Жээнбековго кайрылды


Канат Сагымбаев.
Канат Сагымбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин үй-бүлөсү мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны бошотууну өтүндү.

Интернетте тараган видеокайрылууда Сагымбаевдин жубайы Мээрим Бердибекова ага Атамбаевдин жанында жүргөнү үчүн куугунтук болуп жатат деген пикирин айтты:

- Атайын бөлүктүн жоокерлерин жиберер алдында аны чакыртып алышы керек болчу. «Атамбаевдин кишиси» деп эле жабышып калышты, канча айдан бери. Төрт баланын убалы кимге?

Атамбаев быйыл 8-агустта Кой-Таштагы үйүнөн атайын операция учурунда кармалган. Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери катары анын жанында акырына чейин жүргөн. 24-сентябрда Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, эки суткага камалган.

26-сентябрда бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сот прокурордун Сагымбаевди 8-октябрга чейин №1 тергөө абагында кармоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Адвокаттын аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү четке кагылды.

Адвокат Замир Жоошев бул чечимди мыйзамды одоно бузуу катары баалады. Анын айтымында, аскер кызматкери тергөө абагында эмес, гауптвахтада кармалышы керек. «Сагымбаевди сындыруу аракети жүрүп жатат» деди жактоочу.

УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгону жана ички жобону бузганы үчүн иштен алынганын билдирген.

Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюлуп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG