2019-жылдын сегиз айында президент Сооронбай Жээнбековго жалпысынан 10 миң 126 адам кайрылган. Өткөн жылга салыштырмалуу кайрылуулардын саны 8,8% азайган. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылды.
Түшкөн кайрылуунун 43,7%, тактап айтканда 3375 кат сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү болгон. Анын ичинен прокуратура органдарына тийиштүү маселелер боюнча 1366, сот органдарына байланыштуу 1254, ички иштер органдары тийиштүү маселелер боюнча 570, Финансы полициясына тийиштүү маселелер боюнча 97, улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү маселелер боюнча 62, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка байланыштуу 26 кат түшкөн. Ал эми аткаруу бийлигине тиешелүү кайрылуулардын саны 2043дү түзгөн.
«Президенттин жана анын аппаратынын атына келип түшкөн кайрылуулардагы маселелердин көпчүлүгү - жергиликтүү деңгээлдеги бийлик тарабынан чечилчү маселелер жана өлкө башчысынын түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылбайт. Бирок алардын иши канааттандырарлык эмес болуп жаткандыктан, аргасыздан өлкө башчысына кайрылып жатышат», - деп айтылат президенттин сайтында.
Президенттин аппараты келип түшкөн каттардын баары мыйзам чегинде көзөмөлдөнүп жатканын билдирет. (TSh)