Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги орусиялык журналист Андрей Малаховдун айткандары боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчисин чакырды. Бул тууралуу министрликтен алынган маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мекеменин өкүлү орусиялык дипломатка Малаховдун «Россия-1» каналындагы айткандары боюнча жагдайга токтолгон.
ТИМдин өкүлү Орусиянын мамлекеттик телеканалындагы журналисттин мындай сөздөрүнө кыргыз-орус мамилелерин эске алуу менен тынчсыздануусун билдирген.
Андрей Малахов алып барган «Россия 1» телеканалынын 24-сентябрдагы «Прямой эфир» телеберүүсүндө, Москвада такси айдап иштеп жүрүп жол кырсыгына кириптер болгон жигиттин аракеттерине баа берип, аны кылмыш кылды деп айыптаган пикирлер айтылган. Эскерте кетсек, ал жигит орусиялык олигархтардын биринин баласы мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатканда автоунаасы менен алдынан чыга калып, жол кырсыгына себепкер болгон. Кагылышуудан улам орус жараны катуу жаракат алып, мерт болгон.
Буга байланыштуу кыргызстандык Интернет колдонуучулар нааразы болуп, «Малахов кечирим сурасын» деген акцияны башташкан. (BkA)