Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:06

Жаш музыканттар арасында АКШга жолдомо берген сынак жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Сорос-Кыргызстан» фонду классикалык жана фольклордук чыгармаларды аткарган жаш музыканттар үчүн Кыргыз-Америкалык фонд менен бирге экинчи «Eurasia Emerging Artists» музыкалык сынагын жарыялады.

Жеңүүчүлөр 2020-жылы жайында, Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында өтүүчү «Eurasia Festival» аттуу искусство фестивалына катышууга жолдомо алат.

Сынактын шарттары бул жакта. «Eurasia Emerging Artists» сынагына Кыргызстандын 18ден 26 жашка чейинки жарандары, классикалык жана фольклордук чыгармаларды аткарган ырчы жана аспапчылар катыша алат. Онлайн арыздар 2019-жылдын 15-ноябрына чейин кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG