Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:50

АКШ Башар Асадды химиялык чабуул үчүн айыптады


Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Идлиб провинциясында хлор колдонуу менен коюлганы айтылган май айындагы чабуулга байланыштуу Сириянын президенти Башар Асадды айыптады жана ал бул кылмыш үчүн жооптуу экенин айтты. Ал 26-сентябрда Нью-Йоркто өткөн басма сөз жыйынында Кошмо Штаттардын чалгын кызматтары буга байланыштуу иликтөө жүргүзүп, тактап-аныктап чыкканын кабарлады.

Помпео ошондой эле АКШ Сирияга мунай жеткиргени үчүн эки орус компаниясына жаңы санкцияларды салганын билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун мындай чечимин «акылга сыйбас» деп баалады.

Мунун алдында Вашингтон ушундай эле жүйө менен кытайлык компанияларга да санкция салган.

Расмий Дамаск болсо «химиялык куралы бар» деген маалыматтарды толугу менен жокко чыгарып, «химиялык чабуул коёт» деген дооматтардын баарын төгүндөп келет.

Сириянын президенти Башар Асад жана анын өнөктөшү Орусия апрелден тартып козголоңчулардын Идлибдеги аскердик жайларына аба соккусун күчөткөн.

2011-жылы башталган эл аралык күчтөрдүн жардамы менен «Ислам мамлекети» террордук тобу сүрүлүп, өкмөттүк армия Орусиянын жардамы менен куралдуу оппозиция ээлеп турган аймактарды бошоткондон кийин Сириядагы жарандык согуш басаңдады.

Сириядагы жети жылга аяк баскан жарандык согушта жалпысынан 400 миңдей киши курман болду жана миллиондон ашык адам башка өлкөлөрдөн баш калка издеп кетти.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG