Ирандын бийлиги быйыл жайында кармап алган Британиянын мунай ташыган танкерин бошотту. Кемелердин каттамына байкоо салган «MarineTraffic» сервисиндеги маалыматка караганда, «Stena Impero» 27-сентябрда эртең менен Ирандын Бендер-Аббас портунан чыгып, Ормуз кысыгын көздөй сүзүп кетти.
Тегеран 23-июлда экипажга байланыштуу тергөө аяктагандан кийин кемени коё берерин айткан. Анын алдында экипаждын айрым мүчөлөрүн бошоткон.
Ирандын деңиз аскерлери 19-июлда Ормуз кысыгынан Британиянын эки кемесин кармашкан. Алардын бирөө Либериянын желеги менен бараткан жана көп өтпөй эле коё берилген.
Ал эми британ желеги менен бараткан, ичинде 23 киши бар кеме Ирандын Бендер-Аббас деңиз портуна токтотулган. Мунун алдында Гибралтарда британ деңиз аскерлери Ирандын кара май ташыган танкерин колго түшүргөн. Бул кеме жакында эле коё берилди.
Кемелерге байланыштуу бул окуялар Тегеран менен Лондондун, дагы башка Батыш мамлекеттеринин ортосундагы мамиленин курчушуна алып келген.