Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:15

Президенттин «Инстаграм» баракчасындагы пикир калтырган көзөнөк жабылып калды


Сооронбай Жээнбековдун «Инстаграм» баракчасы.
Сооронбай Жээнбековдун «Инстаграм» баракчасы.

Президент Сооронбай Жээнбековдун «Инстаграм» баракчасындагы акыркы постторунда пикир калтыруучу көзөнөк жабылып турат.

Бул боюнча президенттин аппараты комментарий бере элек. Жакында эле Жээнбековдун «Инстаграм» баракчасы верификациядан өтүп, расмий макамда иштей баштаган.

Учурда Жээнбековдун @sooronbai_zheenbekov_official деп аталган баракчасында 259 миң катталуучу бар.

Ал эми өзү басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдики деген аккаунттарды гана окуйт. Баракчасы расмий жолугушуулардагы, жыйындардагы сүрөттөр жана маалыматтар менен толукталып турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG