Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:43

Жаш дзюдочу Чыңгызхан Сагыналиев дүйнө чемпионатында коло байге алды


Чыңгызхан Сагыналиев жана Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти, Азиянын дзюдо бирикмесинин вице-президенти Жолдошбек Көлбаев. 26-сентябрь, 2019-жыл. Алматы, Казакстан.
Чыңгызхан Сагыналиев жана Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти, Азиянын дзюдо бирикмесинин вице-президенти Жолдошбек Көлбаев. 26-сентябрь, 2019-жыл. Алматы, Казакстан.

Кыргызстандык Чыңгызхан Сагыналиев ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан уландар жана кыздар (кадеттер) арасындагы дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Сагыналиев 26-сентябрда 60 килограммга чейинки салмакта беш таймаш өткөрдү.

Ал эстониялык Виляр Липардды, италиялык Мишел Скиралды жана грузиялык Давити Бахбахашвилини жеңип, жарым финалда азербайжандык Камран Сулеймановго утулду. Коло байге үчүн болгон таймашта дагы бир азербайжандык Туран Байрамовду жыгып, коло байгенин ээси болду. Бул салмакта алтын байгени жапон дзюдочусу Кейжи Цсужиока, күмүш байгени азербайжандык Камран Сулейманов алды.

Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын баш катчысы Айнура Темиралиеванын «Азаттыкка» билдиргенине караганда бул байге Кыргызстандын тарыхында бардык курактагы дүйнө чемпионаттарындагы (уландар, жаштар жана чоңдор арасындагы) алгачкы медаль болуп саналат.

25-сентябрда башталган дзюдо боюнча уландар жана кыздар (кадеттер) арасындагы дүйнө чемпионаты 28-сентябрга чейин уланат. Ага 61 мамлекеттен 462 спортчу катышууда. (ECh).

XS
SM
MD
LG