Орусияда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрткө каршы режимге өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, 1-октябрдан тартып бул өлкөдө үйлөрдөгү батирлердин балкондорунда чылым тартканга болбойт.
Документте «үйлөрдүн, жатаканалардын жана мейманканалардын балкондорунда, лоджияларында от чыгарганга тыюу салынат» деп жазылган. Жарандар ошондой эле шам жагып, шишкебек бышыра алышпайт.
Эрежени бузган жарандарга үч миң рублга чейин айып пул салынат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, балкондордо тутанган өрттүн теңинен көбү тамекинин айынан болот.