Саясатчы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө карата Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жооп кайтарды. Бул тууралуу элчи Аликбек Жекшенкулов өзү фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды. Анда элчи Ташиевди эмоцияга алдырбоого чакырып, кыргыз жараны кабылган жагдайдан улам айрым саясатчылар менен журналисттер упай топтоого аракет кылып жатканын белгилеген.
Ошондой эле Жекшенкулов Орусияда кырсыкка кабылган жаранга элчилик ар тараптан көмөк көрсөтүп жатканын белгилеген.
Буга чейин Камчыбек Ташиев орусиялык журналист Андрей Малаховдун кыргызстандыктар боюнча айткандарын сынга алып, Орусиядагы элчиликти кыйын кырдаалга кабылган жаранга жардам көрсөтүүгө чакырган болчу.
Андрей Малахов алып барган «Россия 1» телеканалынын 24-сентябрда чыккан «Прямой эфир» телеберүүсүндө, Москвада такси айдап иштеп жүрүп жол кырсыгына кабылган жигиттин аракеттерине баа берип, аны айыптаган пикирлер айтылган.
Буга байланыштуу кыргызстандык Интернет колдонуучулар нааразы болуп, «Малахов кечирим сурасын» деген акцияны башташкан.
Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги орусиялык журналист Андрей Малаховдун айткандары боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчисин чакырып, чочулоосун билдирди.(BkA)