Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Трамптын адвокаты: Украина АКШдагы шайлоого кийлигишкен


Рудольф Джулиани.
Рудольф Джулиани.

АКШ президенти Дональд Трамптын жеке жактоочусу Рудольф Жулиани 2016-жылы болгон президенттик шайлоодо Украинанын кийлигишкени боюнча далилдер бар экенин айтып чыкты.

Бул тууралуу адвокат өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына жазды. Ал ушактарга таянып айыптоодон алыс болуу кеңешин берди. Анын жазганына караганда, ал видеотасма жана документтерден турган далилдерди алган. “Карап тургула жана күткүлө!”, - деп жазган жактоочу.

Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. 25-сентябрда Ак үй ал сүйлөшүүнүн стенограммасын жарыялады. Украинадагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган Трамп Зеленскийден мурдагы президент Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү суранган.

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо Демократтардын атынан Трампка атаандаш болуп калышы мүмкүн делген саясатчылардын бири.

АКШда бул сүйлөшүүдөн улам саясий жаңжал чыкты. Курамында демократтар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасы президентти "ыйгарым укуктарынан аша чапты" деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштады. Трамп муну "президентке ыдык көрсөтүү" деп атап келет.

АКШ президенти демократтарды сындап, партия катары алар өзүн көрсөтө албай калды деп айткан.

XS
SM
MD
LG