Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Азия чемпиону болду


Денис Петрашов.
Денис Петрашов.

Индиянын Бангалор шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов алтын медаль тагынды. Ал брасс стилинде 200 метр аралыкты сүзүп өткөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдирди.

“Азия чемпионаты – континенттеги миңдеген спортчулар катышкан беделдүү, престиждүү турнир. Анын жеңүүчүлөрү дүйнөлүк спорттук элитага кирет”, - деп жазылган федерация тараткан маалыматта.

Мындан сырткары дагы бир кыргызстандык спортчу Лиза Рогожникова күмүш медаль тагынды. Ал 200 метр аралыкты сүзүү боюнча Кыргызстанда рекордду жаңыртып, жеңүүчүдөн 0,1 секундага артта калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG