Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:30

ЖК комитетинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча төрт протокол каралды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча буга чейин кол коюлган төрт протоколду карады.

Бул 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчыларынын деңгээлинде кыргыз тарап 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алган жумушчу протокол (Адахан Мадумаров кол койгон), 2009-жылы 24-декабрда Ош шаарында бул маселе боюнча өкмөттөр аралык Макулдашууга өзгөртүү киргизген протокол (Нурлан Сулайманов кол койгон), мындан сырткары Токон Мамытов жана Абдрахман Маматалиев вице-премьер-министр болуп турганда кол коюлган протоколдор. Бул тууралуу “Азаттыкка” комитеттин мүчөсү, депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

24-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде чек ара маселеси талкууланган. Анда чек арага байланыштуу мурда чыгарган токтомдордун жана чечимдердин аткарылышы тууралуу өкмөт маалымат берген.

16-сентябрда Баткендин Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган. (КЕ/KJ)

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG