Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 12:49

Чалдыбарда УКМК кызматкерлери ташбараңга алынды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, бүгүн, 28-сентябрда «Чалдыбар-унаажол» текшерип-өткөрүү пунктунан белгисиз адамдар УКМКнын тергөө иштерине тоскоолдук жаратып, кызматкерлерди ташбараңга алышкан.

Ыкчам-тергөө топтун бир канча кызматкери ар кандай жеңил жарааттарды алышкан. Атайын кызматтын өкүлдөрү мыйзамсыз чек араны кесип өтүүнүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн барганы айтылат.

Маалыматка караганада, Чүй облустук Панфилов райондук милициясы окуя боюнча метериалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

ИИМ менен биргеликте бул фактыга катыштыгы бар адамдар такталууда. Жыйынтыгында тергөө аракеттерине тоскоолдук кылган адамдарга юридикалык баа берилмекчи. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (37)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG