Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:17

АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү кызматтан кетти


Курт Волкер.
Курт Волкер.

АКШнын Киевдеги атайын өкүлү Курт Волкер кызматтан кетти. Бул тууралуу "Ассошиэйтед Пресс" жана Рейтер агенттиктери өз булактарына таянып жазып чыгышты.

Волкер АКШ президенти Дональд Трамптын украин лидери Владимир Зеленскийге ыктымал басымы боюнча чалгын кызматынын аты аталбаган кызматкеринин маалыматы чыккан учурга туш келди.

Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. 25-сентябрда Ак үй сүйлөшүүнүн стенограммасын жарыялады.

Украинадагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган Трамп Зеленскийден мурдагы президент Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү суранган.

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо Демократтардын атынан Трампка атаандаш болуп калышы мүмкүн делген саясатчылардын бири. АКШда бул сүйлөшүүдөн улам саясий жаңжал чыкты.

Курамында демократтар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасы президентти "ыйгарым укуктарынан аша чапты" деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштады.

Трамп муну "президентке ыдык көрсөтүү" деп атап келет. АКШ президенти демократтарды сындап, партия катары алар өзүн көрсөтө албай калды деп айткан. Волкер 3-октябрга иликтөөнүн алкагында көрсөтмө берүү үчүн чакырылды.

XS
SM
MD
LG