Москвадагы “Ленком” театрынын көркөм жетекчиси, СССРдин эл артисти Марк Захаров ишемби күнү 85 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Театрдын директору Марк Варшавердин айтымында, ал көптөн бери ооруп жүргөн.
Марк Захаров актер, режиссер гана эмес педагог, сценарист, коомдук ишмер, адабиятчы катары да белгилүү.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан өтөрү тууралуу маалымат чыга элек.
Захаров 13-октябрда 1933-жылы Москвада туулган. 1973-жылы Москва Ленин комсомолу атындагы театрга көркөм жетекчи болуп дайындалган. 45 жыл ичинде “Тиль”, "Юнона жана Авось", "Көк көйнөкчөн үч кыз", "Азанын дубасы", "Баш айланткан күн же Фигаронун үйлөнүшү", "Маскарапоз Балакирев", "Алчалуу бак", "Үйлөнүү", "Пер Гюнт" жана башка 40тан ашуун спекталь коюлган. Кинорежиссердук эмгектеринин ичинен "Кадыресе керемет", "Дал ошол Мюнхгаузен", "Сүйүүнүн формуласы" тасмаларын атаса болот.