Өзбекстан Сирия менен Ирактагы 235 жаранын алып келет. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
- Азыр Ирактан 65, Сириядан 170 бала келет деп күтүп жатабыз. Биз эл аралык уюмдардын жана бул процесске тартылган мамлекеттердин колдоосуна муктажбыз. Биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн жардамы тууралуу сөз болуп жатат, - деди Камилов.
Министр Өзбекстан согуш болгон аймактардан кайтып келген жарандарды реабилитациялоо, реинтеграция маселесинде тажрыйбасы бар экенин жана кызматташууга даяр экенин билдирди.
Өзбекстан Жакынкы Чыгыштын согуш болуп жаткан аймактарынан «Жакшылык» операциясынын алкагында 156 жаранын, негизинен аялдар менен балдарды алып келген. Операцияны ишке ашырууга бир катар мамлекеттер жана Кызыл чырым жана ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдар көмөк көрсөтүшкөн.