Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Трамп Украинага байланыштуу импичментти «ири көз боёмочулук» деп атады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы аскердик жардамды Киевге кысым көрсөтүү максатында алып чыгып кеткенине байланыштуу импичментти өз саясий оппоненттеринин «Америка саясатынын тарыхындагы эң ири көз боёмочулук иликтөөсү» катары сыпаттады. Социалдык тармактар аркылуу жасаган 38 секунддук видео билдирүүсүндө Трамп демократтардын импичмент боюнча Өкүлдөр палатасындагы демилгесин сындап, «баарын алгысы келип жатат» деп айткан. Анын айтымында, (демократтар) «силердин куралыңарды, эркиндигиңерди... алгысы келип жатат. Мен буга эч качан жол бербейм» деп билдирген.

АКШда Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефондон сүйлөшүүсүнө байланыштуу саясий жаңжал чыкты.

Мунун алдында Трамп Украинага берилип жаткан жардамга ревизия жасоо максатында 400 млн. долларлык аскердик жардамды убактылуу токтоткон.

Ал эми 25-сентябрда Ак үй сүйлөшүүнүн стенограммасын жарыялады. Анда Украинадагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган Трамп Зеленскийден мурдагы президент Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү суранган.

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болуп калышы мүмкүн деп эсептелген саясатчылардын бири.

Курамында демократтар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасы президентти «ыйгарым укуктарынан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштады.

XS
SM
MD
LG